Эринбей ырдап киргенде,
Эстебес калат тай чабым.
Айныбай сөздү баштаса,
Алымкул калат ат чабым.
Карга канат какканча,
«Калың китеп жазат»,-деп уктум.
Жору туруп учканча,
«Жомок жазат»-деп уктум.
Айланып чымчык конгончо,
«Аңгеме жазат»,-деп уктум.
Уулу кеткен урумга,
Кызы кеткен кырымга.
Бели бекем бай болгон,
Абдылда деген атанын,
Алдыңкысы окшогон.
Алынып журтка таанымал,
Аманкелди акын бар.
Аны мен ырда калтырбай,
Айта турган акым бар.
Акын кылып таптап салган
Менин карындашыма ырахмат.
***
Каадаланып далай жыл,
Калдайып тоодо мал баккан.
Алдына айдап жылкыны,
Кар каптаган ашуу ашкан.
Эл ичинде ак пейил,
Эмгегин элге таштаган.
Калдарбек, Айтбек абалар
Кадырлуу жандар дагы бар.
Алардын кылган эмгегинен,
Аңгеме, жомок жазылаар.
***
Экөөн ээрчип алчумун,
Байке, байке байкелеп.
Мындай бол, тигиндей бол!
Алар мени жемелеп.
Кээде тартип бузганда,
Мойнуман алып желкелеп.
Агасы бар ини ырыстуу,
Жана дагы таалайлуу,
Анан дагы бактылуу.
Ак эдил болчу башынан
Шарданы анын бир далай,
Шамалдай менен Үсөнбай,
Аларды кантип унутам.
***
Тору ат минип келатканда,
Тоодой болгон карааны.
Ак боз атчан келатканда,
Ала Тоом мага жакындады.
Кантип гана унутам,
Карааны тоодой агаларды.
Бегимат, Көкүш агаларым,
Жазган ырда калып калсын.
***
Баласынын атагы,
Ай ааламга тарады.
Керилген жигит созулуп,
Кремилге ал барды.
Мезгил өтүп кетсе эле,
Ушундай өткөн учурлар,
Унутулуп калабы.
Анын атын чыгарып,
Айтып жаттык баарыбыз.
«Жашасын кара көйнөк»-деп,
Шаңдуу жашап жатабыз.
Оюумда жок капасы.
Атактуу уулду чыгарган,
Алдыга кадам жол салган
Ал баланын атасы,
Кожокен байкем турбайбы.
Ушундай уулду чыгарган,
Абакени унутсак,
Бизди кудай урбайбы.
Мезгил өтүп кетсе да,
Ал байкеме ырахмат.
Азыркы сөрөй депутаттар,
Жыргатып бизди жатабы,
Баардыгы тең жеп-ичкич,
Каныды жутат шимирип.
Буларга караганда,
Катуу суука кабылып,
Ак карлуу тоодо мал баккан,
Эмгеги менен жан баккан,
Элдин даңкын чыгарып,
Ак баракка жаздырган
Куттубек уулга ырахмат.
Куттубектен мурун да,
Ушундай уулду чыгарган.
Санаасы төп, куудулданган,
Самаганга жетип алган
Төкөр агам Кожокениме ырахмат.
Кожокени Кожоке кылган
Атын унутуп калыпмын.
Көк жоолукчан жеңекеме ырахмат.
***
Тоодой агам бар эле
Эсиме келет кайта эле.
Атама жакын жан эле
Кычык сөз айтып бир-бирине,
Тийишип калаар жан эле.
Көңүлдөрүн шат кылып,
Анан калчу каткырып.
Бөтөлкөнү калтырбай,
Баарын жутуп таштамай.
Алар ынак жан эле,
Бул агамдын аты ким эле,
Токтомуш байкем болбосун.
***
Көп болдум анын жанында
Мээрман болчу адамга.
Депутат болуп атагы,
Тарады журттун баарына.
Журттун сыйын көп көрүп,
Борборду далай аралады.
Эмгекчил болуп атагы,
Калың журтка тарады.
Калктын жүгүн көтөргөн,
Дал ушундай азаматты,
Унутпайбыз биз дагы
Бул биздин байкебиз,
Белгилүү чабан Рыспай.
Аңгемелеп кеп кылсак,
Баяны анын бир далай.
Ырыспайды Ырыспай кылып.
Шаңкылдатып ырын чыгарган,
Өзүмүн чап жаак жеңекеме ыракмат.
***
Кээде куудул сөз сүйлөп,
Кытыгылайт адамды.
Анын куйкум сөзүнө,
Күлбөскө айла барбы.
Кээде какшык сөз сүйлөп,
Ичиркентет адамды
Анын ушул сүйлөмүн,
Көтөрбөскө чара барбы.
Ушундай укмуш сапатты,
Жездем кайдан үйрөнгөн.
Өзүмчө ойлоп күймөлөм.
Байкап көрсөң сөздөрүн,
Шоңконун баары ушундай.
Барысы тең какшыкчыл,
Сөзү бетке ургандай.
Бул жездекем ким болот
Кана жоопту ким айтат.
Анын атын ким табат?
Эмгеги сиңген элине,
Кадыр баркы жеринде,
Арбын болгон байлыгы,
Тарбиялуу балдары,
Кубат деген жездекем,
Ошонун эле өзү экен,
Өзү эмес кара көзү экен.
Жеңилин жерден алып,
Жетилтип колдоо салып,
Жеңиш эжекеме алкыш миң ирет.
Эгер эжем болбогондо,
Мындай болот беле ким билет?
***
Кер жылаандын кепшегенин
Сур жыландын суусаганын.
Аны да баарын бүт билет.
Сөөлжандын жер алдында,
Сөөм жерге жылганын.
Куюн Маамыттын жерде желгенин,
Жер Тыңшаар маамытты акырын
Жерди тыңшап келгенин.
Муну да баарын бүт билет.
Сөз сүйлөсө сөзгө чечен,
Эл алдында кеп билген.
Жаштарды карап туруп,
Акыл айтып безилдеген.
Ич жылытмадан ичкени эле жаман.
Буга кантип жакындап калган.
Аны ичпесе бир топ жерге бармак,
Ошол жагынан адашып калган
Аны Кекий жеңем адам кылган.
Тапкылачы бул кайсы агам,
Ынтымак байкемин өзү экен,
Өзү эмес кара көзү экен.
ТЕМИР –КАНАТ ДЕГЕН ЖЕРГЕ БАРАТАМ
Адырда чөбү ыргалган,
Балдары ыр чыгарган.
Кайраттанган эмгек менен
Карылары кажыбаган.
Алыста бир аймак бар,
Темир- Канат аталган.
Жолдордон жолду аралап,
Жонокту бойлоп сабалап,
Адыр жерин акмалап,
Алды жакка үмүт байлап
Кайрат берет аткан таң.
Телтору атты желдирип,
Темир – Канат деген жерге баратам.
Жигиттери кайраттуу,
Жигердүү ишти жасаган.
Жаштары жакшы чыгып,
Жалындуу отту аралаган.
Айлындагы адамдары,
Алыс жерге таанылган.
Дайнын айтып жерлердин
Далай ашуу жол ашкам.
Тектирден тектир аралап.