Темир – Канат деген жерге баратам.
Кылыгы чыгып таанылып,
Кыздары сулуу ыр жазган.
Төрлөрү алыс созулуп,
Төрт түлүк малы жайылган.
Адырын кийик аралап,
Аскалары аркайган,
Асманынан булут кечип,
Айбаттуу бүркүт шаңшыган.
Телтору атымы желдирип,
Темир – Канат деген жерге баратам.
Эчен белди аралап,
Ээн жерде жол басам.
Телтору атчан сабалап,
Жүздөшүп эчен эл менен
Жүрөгүмө үмүт байлап,
Өзөн бойлоп. жол келем
Өмүргө күбө аткан таң.
Темир – Канат деген жерге баратам.
Темир – Канат жерим сен кайдасың?
Жүрөгүмө ырым болуп жайнайсың,
Көзүмө улам-улам көрүнүп,
Көлүмдө учкул кайык айдайсың.
Сан ырларды улам кайта жаратып,
Санааман такыр эле кетпеген
Чарчатпай дайыма канат кагып,
Чабалакей болуп көңүлүмдө айланып,
Сапар жолум салабат,
Сайдан сайды аралап.
Адамдар болсун саламат.
Тепчип өтүп кыяны,
Тектирден тектир аралап,
Темир – Канат деген жерге баратам.
Түгөнбөгөн ак сүйүүнү
Жүрөгүмө салып алып,
Сагынычты саргайган,
Санааларды жыйып салып.
Шылдыр аккан булагын ыр кылып
Тектирдеги текелерин сагынып,
Жел соккондо түркүн гүлү ыр элеп,
Карыларым жомок айткан дөбөдө,
Ай чыкканын жомоктоп коюу түндө,
Ой ойлоп эчен-эчен жол баскам,
Темир- Канат деген жерге баратам.
Мени улам санаага салып издеткен
Темир –Канат турагым сен кайдасың?
Алыс жакка сен кетип калбайсың
Жүрөгүмөн түнөн алып жатасың.
Жылып учкан Телтору атты желдирип,
Жылкы үстүндө улам-улам теминип,
Мага дайым кайрат берет аткан таң,
Темир- Канат жерди изеп баратам
ТЕМИР – КАНАТКА
Кайда барсам жүрөгүмдө
Туулган жерим жашап жүрөт.
Мен кайгырсам кайгырат,
Мен кубансам кошо күлөт.
Алыстагы туулган жерим,
Жүрөктө жанган бакытпы.
Алмадай болгон жүрөгүмө
Асыл жерим кантип батты?
КУЛЖЫГАЧ КАПЧЫГАЙЫНА
Эске салат тасмиялап кайталай,
Өтүп кеткен балалыктын жылдарын
Биздин үйдөн улам кеткен арылай
Бийик жарлуу кичинекей капчыгай.
Балалыгым ойноп жүрөт жоголбой,
Кичинекей капчыгайдын ичинде.
Көңүл салсам мага гана көрүнөт.
Көрүнбөйт башка чоочун кишиге.
Балалыкты көрүш үчүн капчыгайга,
Далай ирет сапар тартып келгемин.
Аны менен аңгеме куруп сүйлөшүп,
Алыс жакка кайра аттанып кеткемин.
***
УНУТПА!!!
Көзгө илешпей далай убак учууда
Көп жылдар өткөн экен туп-туура.
Тирек көрүп ата-менен энени,
Тирүүлүктө эстей жүрүү парс тура!
Алыс жактан туулган жерди эстейбиз
Айылда калган балалыкка кез келебиз.
Ата –эненин актап бүткүс эмгегин,
Өмүр күүгүм улгайганда эстеербиз.
Турмуш деген ачуу -таттуу башынан,
Туурасы көп, жаңылыштыгы айтылган.
Санап бүткүс санжырасы таралган,
Бул дүйнөдө жашап өтүү бир арман.
Кээде шумкар, кээде кузгун куш болуп,
Байларга чоң бийликке кор болуп,
Калп нерсени чындыкка айлантып,
Чын нерседен кайра калпты жаратып,
Бул дүнөдө жашап өтүү бир арман.
Алмай-телмей өтүп жатат күндөр да,
Ар кандай иштер болот турмушта,
Асыл досум кандай болгон күндө да,
Ата- эненин улуу эмгегин унутпа!!!
Туулган жерди түбөлүккө урматта!!!
КАНДАЙЧА АКЫН БОЛДУҢ ?
Калкым менден сурап калат:
– Кандайча сен акын болдуң?
Кантип жаздың ырларыңы
Кандай ойду ойлондуң?
Баарысын тең таразалайм,
Мен аларга жооп камдайм:
– Көрүнгөн тоонун жанында,
Көңдөй деген жерим бар.
Темир-Канат айлым бар,
Тескей, Күңгөй тоосу бар.
Ат Жайлоо деген жерим бар,
Калак Таш деген дагы бар бар.
Андан бери Күн Тийбес,
Чолок- Төр менен Котур -Төр
Кара- Каман, Чатыр -Таш,
Калкымын малы жайылган.
Тешик Көл деген көлүм бар,
Быкылдап балык батпаган.
Ырга салып ошолорду,
Ыр түзгөндү үйрөндүм.
Ардактап жазып чыккамын,
Ар бир сабын сүйлөмдүн.
«Ашык болуп калбасын» деп,
Арбын жерин чийип салдым.
Кайта баштан улам оңдоп,
Катасын карап тактадым.
Бир саптан кошуп отуруп,
Төрт китебим жаралды.
Жараткан жардам бердиби
Жазымышымбы, тагдырбы?
Туугандарым мага айтчу:
«Чоң болуп ал бир жерге.
Билимиң сенин жетишет,
Бийлик жүргүз элиңе.
Же болбосо башкарма бол!
Байыйсың анда тез эле.
Селсебет болуп иштөөдө,
Сен теңдүүлөр бу кезде.
Кара жигит иштеп жүрөт
Кем эмесиң сен андан.
Билимиң элге таанылган.
Ыр кылып туулган жерди,
Китебиң бар жазылган.
Пара берип бат эле,
Райком болуп алсаңчы.
Бакжайып элге көрүнүп,
Баарына көз салсаңчы».
Тагдыр мага буюрбаптыр,
Башкарма боло албадым.
Алып жутуп кесип жейт,
Алар элдин байлыгын.
Сонун ашка батырат,
Курсагын такыр ачырбайт.
Кабат -кабат тамак ичип,
Казы-карта чайнашат.
Конок болуп көп жерде,
Ичкендери арак-шарап.
Кези келсе жылмаят,
Келин-кызга көз кызат.
Аз эле жылдын ичинде,
Алды чыгып бөрсөйүп.
Эшиктерден араң кирип,
Курсагы калат көлтөйүп
Эл башкарган чоңдордун,
Бирөөнүн аты калбаптыр.
Убакыт жылган сайын,
Унут боло баштаптыр.
Туугандар мени кечиргиле,
Чоң болбодум башкалардай.
Ал өнөрлөр чыны менен
Алыстап менден качкандай.
Кыргыз элдин кыйрында,
Калыгулдун аты аталат.
Арстанбек улуу акын,
Айды карай сызып жатат.
Ыр жазып келем тажабай,
Жаманбы же жакшыбы.
Урматтаймын келечекти,
Ушул өнөр жактыбы.
Ырыстуу жерден күү чыкса,
Ыр жазууну ойлондум.
Кадырлуу жерден ыр жаңырса,
Кантип жазбай коёмун.
Ырга салып сууларды,
Ыр жазганды үйрөндүм.
Алтын чак бала күнүмдөн,
Акын болом деп жүрдүм.
Кайта эле менден сурашат: